Кыргызстан жыл башынан бери 8,7 тонна алтын экспорттоду

 Кыргызстан жыл башынан бери 8,7 тонна алтын экспорттоду

Кыргызстан жыл башынан бери 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сегиз айдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат.

 

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында өлкөбүздөн 639,6 миллион долларга 8 тонна 724,6 килограмм алтын экспорттолгон.

Ал эми өткөн жылдын биринчи жарымында 302 миллион долларлык 4,8 тонна алтын экспорттолгон.

 

Алтын төмөнкү өлкөлөргө экспорттолду:

 

Улуу Британия – 5 тонна 891,1 килограмм;

Гонконг- 1 тонна 848,5 килограмм;

Швейцария – 971,5 килограмм;

БАЭ – 13,5 килограмм.

Эске салсак, 2024-жылдын 18-октябрына карата алтындын баасы унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, муну менен тарыхый максимумун жаңырткан. Дүйнөдө алтындын спот базарында баасы биринчи жолу унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, бир жума ичинде 2,3 пайызга өстү.

Связанный пост