Ишкерлерге 7,2 млрд сом пайызсыз насыя берилди

 Ишкерлерге 7,2 млрд сом пайызсыз насыя берилди

“Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 750 ишкерге пайызсыз насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыянын жаопы суммасы 7 млрд 789 млн 606 миң 916 сомду түздү. Анын ичинен:

  • 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 206 ишкерге 5 млрд 380 млн 660 миң 916 сом каржыланды;
  • 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 544 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 409 млн 946 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Связанный пост