Фрунзе заводунда 10 эреже бузуу аныкталды

Фрунзе заводунда 10 эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан басма сөз кызматы маалымдады.

 

Муниципалдык инспекция Фучик көчөсү, 1 дарегиндеги М.Фрунзе атындагы металлпрокат заводунда Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча рейд өткөрдү.

 

Заводдун аймагында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесин одоно бузуу фактылары аныкталып, юридикалык жактарга 6 протокол түзүлдү. ​

 

Тактап айтканда, заводдун аймагында жайгашкан чарбалык субъектилердин, цехтердин жана ишканалардын чектеш аймактарында санитардык нормалар сакталган эмес. Антисанитардык абал үчүн салынган айып пулдун жалпы суммасы 78 миң сомду түздү.

 

Өнөр жай жана курулуш таштандыларын такталбаган жерге чыгарганы үчүн 115-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 92 миң сомго 4 протокол түзүлдү.

 

Ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышы жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча бардык менчик ээлерине эскертүү берилди.

Связанный пост