Экономика жана коммерция министринин орун басарларынын саны кыскартылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын күн тартибинде 20дан ашык маселе белгиленген.

Министрлер Кабинетинин жыйынын ачып жатып, Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Гүлнара Баатырованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, ошондой эле санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган Нурия Кутнаеваны дайындоо жөнүндө жарлыктарын окуп берди.

МинКаб Башчысы Мамлекет башчысынын көрсөткөн ишенимин актап, үч министрликтин жетекчилигине коюлган бардык милдеттерди аткаруу зарыл экенин белгиледи.

Андан соң Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү отурумдун күн тартибинде белгиленген маселелерди кароого киришти.

Министрлер Кабинетинин отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басарларынын санын кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Чечим Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин системасын оптималдаштыруу жана ишин натыйжалуу уюштуруу максатында кабыл алынды.

Ошондо, кабыл алынган чечимге ылайык, экономика жана коммерция министринин орун басарларынын саны 4 адамга кыскарды.

Мындан тышкары, ушул эле чечим менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилди, тактап айтканда Туризм департаментинин директорунун кызматында министрдин орун басары рангы алынып салынды.

Связанный пост