“Манас” эл аралык аэропортунан Париж шаарынан келген Кыргызстандын паралимпиада командасын тосуп алышты. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Эдил Байсалов паралимпиадачы-спортчуларды XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанаарын билдирди. «Бүгүн биз паралимпиадачыларды эле эмес, чыныгы баатырларды сыйлап жатабыз. Сиздер кайраттуулуктун, күчтүүлүктүн жана ийилбес эрктин үлгүсүсүздөр. […]Читать далее
2026-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз спортчулары 14 медалга ээ болуп, учурда жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүдө. “Жакшы жаңылыгыбыз бар. Кыргызстандан чыккан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз мекенинде 2026-жылы өтө турган болду”, – деди […]Читать далее
9-сентябрда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук курама команда 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль жеңди. Алтын медаль ээлери: – Бекболот Токтогонов (кураш, +100 кг); – Уланбек Турганбаев (таяк тартыш, 65 кг); – Эльза Абдыкадырова (таяк тартыш, 55 кг). Күмүш медаль ээлери: – […]Читать далее
Бүгүн, 8-сентябрь күнү Астана шаарында (Казакстан Республикасы) V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ага өлкө башчылары жана спорт күйөрмандары катышты. Аземдин жүрүшүндө ар бир өлкөнүн курама командаларынын парады болду. Кыргызстандын желегин ашыртмалы аба күрөшүнөн катыша турган Бактияр Мирлан уулу көтөрүп чыкты. Өлкөнүн атынан 181 спортчу 18 спорттун (казак күрөшү, аба […]Читать далее
Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагындагы старттык беттешинде Иран менен кез келди. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш Исфахан шаарынын (Иран) «Фуладшехр» стадионунда орун алды. Оюндун алгачкы бөлүгү талаа ээлеринин 1-0 эсебиндеги пайдасында (голдун автору-Мехди Тареми, 34′) аяктады. Ал эми, экинчи бөлүктө Максим Лисицындын оюнчулары […]Читать далее
31-август – көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна арналган турнирдин финалдык оюндары жыйынтыкталды. Кубок үчүн “Шахтёр” жана “Ак-Илбирс” командалары күч сынашты. Биринчи бөлүктө “Ак-Илбирс” 2 салым салып үстөмүк кылса, экинчи бөлүктө 2 салым жаратып “Шахтёр” командасы эсепти теңеп кетти. Оюндун үчүнчү бөлүгү 3:3 эсеби менен аяктап, алтын салым үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Бакытбек […]Читать далее
Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарынынын катышуучусу, жеңил атлетика боюнча спортчу Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана “Chevrolet Tracker” автоунаасынын ачкычын тапшырды. Ведомстводон маалымдашкандай, Алтынбек Максутов өлкө жетекчилигин жана жеке өзүнүн атынан Сардана Трофимовага терең ыраазычылык билдирип, спортчунун көрсөткөн ийгиликтери менен жетишкендиктеринин аркасында кыргыз […]Читать далее
Бүгүн, 15-августта Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар күмүш медалдын ээси боксчу Мунарбек Сейитбек уулу, коло медаль тагынган балбан Акжол Махмудов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучулары Ошко келишти. Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, аэропорттон спортчулар алардын урматына уюштурулган унаалардын коштоосунда Алымбек датка этно борборунда тосуп алынды. Спортчуларды сыйлоо иш-чарасына Ош шаарынын мэри […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Париж шаарында (Франция Республикасы) өткөн ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземине катышты. “Манас” эл аралык аэропортунан олимпиадачыларды Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, ошондой эле курама команданын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты. Турдакун Усубалиев атындагы аянттагы салтанаттуу […]Читать далее
Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Париж Олимпиадасынын катышуучуларын, байге ээлерин жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү. Төмөндө акчалай сыйлык тапшырылган машыктыруучулар жана дарыгерлердин тизмеси: Машыктыруучулар: Евгений Петрашов, сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучу (Денис Петрашов жана Елизавета Печерскихтин биринчи жана жеке машыктыруучусу) – 650 миң сом; Андрей Полубапкин, жеңил атлетика боюча Сардана […]Читать далее