Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин уюштуруусунда “Тынчтык чуркоо–2023” эстафетасы өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын 12 спортчусу катышууда. Бүгүн жөө күлүктөрдү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтынан КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова баштаган […]Читать далее
Бүгүн, 29-август Ош шаарында жайгашкан Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогунун алкагында ордо оюну боюнча беттештер башталды. Мелдешке жалпы Бишкек шаары, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош, Ош шаары, Жалал-Абад облусунан жана Тажикстандан келген командалар катышып жатат. Финалдык беттештер 31-август күнү болот.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, салтанаттуу жагдайда Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясын ачты. Расмий аземге испаниялык “Барселона” футбол клубунун Президенти Жоан Лапорта жана бул клубдун өкүлдөрү да катышты. Мамлекет башчысынын сөзү: “Футбол – бул миллиондогон адамдардын жүрөгүн толкутуп, кайталангыс эмоцияларды тартуулаган кызыктуу оюн. Мына ошондуктан дүйнө жүзүндө номер биринчи спорт болуп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын каратэ шотокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дьёр шаарында (Венгрия) өткөн 14-Дүйнө чемпионатында 13 медаль (5 алтын, 3 күмүш, 5 коло) жеңди. Мелдеш 25-27-август күндөрү өтүп, 50 мамлекеттен 1000 ден ашык спортчу катышкан. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Алтын медалдын ээлери: 1. Максат Батырбеков (16-17 жаш, кумитэ); 2. Максат Батырбеков , (15-17 жаш командалык беттеш); […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын тайбокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн мелдеште 18 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 9 коло) жеңди. Мелдеш 21-28-август күндөрү өтүп, 7 мамлекеттен келген 970 тен ашык спортчу катышып жатат. Курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси; Алтын медалдын ээлери: 1. Султан Атагельдиев 71 кг (17-18 жаш); 2. […]Читать далее
Бүгүн, 28-август күнү Ош облусундагы Төлөйкөн ат майданында Кыргыз Республикасынын президентинин кубогунун алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды. Оюн талаасында экинчи лиганын “Биримдик” жана “Кара-Суу” командалары беттешти. Жыйынтыгында “Кара-Суу” командасы 5:4 эсебинде жеңишке жетишти. Эртең, 29-август күнү боло турган оюндун тизмеси: 10:00 “Ош шаары” – “Биримдик” (экинчи лига); 11:10 “Достук” – […]Читать далее
22-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Мелдештин алгачкы күнү спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак даражаларында беттештер өттү. Улуттук курама команда күндүн жыйынтыгы менен жалпы […]Читать далее
Бүгүн, 22-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды. Мелдештин программасына ылайык, бүгүн спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак даражаларында беттештер өтөт. Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча клубдар арасындагы эл аралык кубокту Кыргызстандын «Ынтымак» командасы утту. Мелдештин финалында Кыргызстандын «Ынтымак» менен Казакстандын «Астана» командасы ойноду. «Ынтымак» атаандаштарын 10:1 эсебинде жеңди. Ошентип биринчи орунга «Ынтымак», экинчи орунга «Астана» командасы татыды. Бул эл аралык мелдеште үчүнчү орунду Кыргызстандын көк бөрү боюнча дагы бир күчтүү командасы «Достук» ээледи. Алар […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында көк бөрү боюнча клубдар аралык I Дүйнө кубогу өтүп жатат. Алгачкы эки күндөгү беттештердин жыйынтыгы боюнча турнирдик таблица: 1. Биринчи күн: – “Алтай” (Россия) – “Екатеринбург” (Россия) – 5:0; – “Жаштык” (Кыргызстан) – “Алтын Альянс” (Кыргызстан) – 3:2; – “Ынтымак” (Кыргызстан) – “Сары-Өзөн” (Кыргызстан) – 5:1. 2. Экинчи күн: – “Караганда” […]Читать далее