Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 229га жетти. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. БШК маалымдагандай, жарандардан арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. 10-ноябрда шайлоого катыша турган талапкерлердин үгүт иштери башталат.Читать далее
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо. “Ынтымак Ордодо” республикалык штабдын алгачкы жыйыны өттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча негизги маселелер талкууланды. Минкаб төрагасы мамлекет шайлоо процессин мыйзамды так сактоо […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдиргендерден арыздарды кабыл алуу уланууда. Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынан маалымдашкандай, 12-октябрга карата 198 адам талапкерлигин көрсөттү. Эске салсак, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, 30-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.Читать далее
Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоосуна катышуу ниетин билдирген жарандардын тизмесин жарыялады. Эске салсак, 2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. БШК шайлоого катышууга ниетин билдирген жарандардан арыздарды кабыл алууну улантууда. Талапкерлердин тизмеси шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Ар бир жаран өз аймагындагы талапкерлер тууралуу маалымат менен […]Читать далее
Күн мурун, 8-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту. Элчи БШКнын ишин жогору баалап, Кыргызстандын шайлоо процессинде колдонулган технологиялардын прогрессивдүү мүнөзүн белгиледи. “Францияда шайлоолор дагы эле кол менен өткөрүлөт. Биз сиздердин тажрыйбаны кызыгуу менен изилдейбиз. Себеби Францияда шайлоолор дагы эле кол менен эсептөө ыкмасы менен өтөт», – деп […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолукту. БШКдан маалымдашкандай, Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берип, шайлоо мыйзамдарындагы негизги жаңылыктарга кеңири токтолду. Атап айтканда, ал аралыктан добуш берүү системасынын киргизилгенин белгилеп, бул жаңы норма шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана парламентте өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлчүлүгүн камсыздоого […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аралыктан добуш бере алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 30-ноябрда шайлоочу катталган округуна кандайдыр бир себептер менен бара албай калса, башка округдан добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. “Эгер шайлоочу добуш берүү күнү Кыргызстанда же чет өлкөдө болсо да, добуш бере алат. Мисалы […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга 106 талапкер өзүн-өзү көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын 68и эркек, 38и аял талапкер. Тынчтык Шайназаров белгилегендей, эгер округда шайлоого катыша турган талапкерлердин арасында бир жыныстагы гана талапкерлер болуп калса, анда мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөрүлөт. “Эгерде бир округда […]Читать далее
Чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда чет өлкөлөрдө 51 шайлоо участогу ачылган. “Биз жарандардын шайлоо укугун камсыздап берүү үчүн дагы 49 шайлоо тилкесин ачкан жатабыз. Муну менен жалпы жонунан чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси болот”, – деди ал. Ошондой эле Тынчтык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабды жетектемей болду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, Данияр Амангелдиев мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабды жетектейт.Читать далее