Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте 27-28-май күндөрү өтүүчү салтка айланган “Мурас” достук турнири старт алды. Бүгүн, 27-майда, “Газпром – балдарга” дене тарбия – ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде иш-чаранын ачылышы болду. Турнирге 16 команда катышууда. Мамлекет башчысы өз сөзүндө кезектеги салттуу “Мурас” турниринин башталышы менен баарын куттуктап, бул төртүнчү турнир экенин эске […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууларга жол бербөө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда, «Бишкек машина куруучу заводу» (БМЗ) Ачык акционердик коомуна жана «Бишкек штамптоочу заводу» (БШЗ) мамлекеттик ишканасына барып, ошондой эле «Кыргызиндустрия» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчысы заводдордун өндүрүш аймактарын, токтоп турган цехтерди жана ишканалардын объектилерин көрүп чыкты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына 24-25-май күндөрү болгон иш сапары аяктады. Иш сапарынын алкагында 24-майда Мамлекет башчысы Москва шаарында «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» II Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышты. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жана делегациялары интеграциялык процесстер, санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес-демилгелерди колдоо боюнча кошумча чаралар жана башкалар боюнча […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышты. Иш-чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда өттү. Ошону менен катар жыйынга ардактуу мейман катары Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, ЕАЭБ байкоочу-өлкөлөрдүн лидери […]Читать далее
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЭК) бүгүн, 25-майда өткөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынып, кол коюлду. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлик жөнүндө келишимге Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай тармагындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколдун […]Читать далее
“Биримдикте “төрт эркиндикти” камсыз кылуунун алкагында жагымдуу шарттарды түзүү жолундагы эң маанилүү багыт миграция чөйрөсү болуп саналат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы жыйынында сүйлөп жатып. Мамлекет башчысы Биримдиктин иштеген жарандары ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кайсынысынын аймагында болбосун эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн […]Читать далее
“Азыркы геоэкономикалык дүйнөлүк тартип бизден өз ара жана тышкы сооданын көлөмүн сактоо жана көбөйтүү боюнча натыйжалуу чечимдерди ишке ашырууну талап кылат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогоорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу Мамлекет башчылары, Урматтуу жыйындын катышуучулары, Баарыңыздарга саламымды айтам, Москвада […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда. Күн тартибинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери. ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болуп өттү. Андан соң, жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат. […]Читать далее
Бүгүн, 24-майда, Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышуусунда өттү. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын […]Читать далее