Бүгүн, 27-мартта Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Эл аралык театр күнү” салтанаттуу белгиленди. Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов, жалпы театр ишмерлери жана кеңири коомчулук катышып, иш- чара алгач кыргыз театрынын тарыхын баяндаган тасма менен башталды. […]Читать далее
Бүгүн, 26 – мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов музыкалык аспаптарды оңдоо жана жөндөө боюнча адис Акунов Туратбек Жумабековичти кабыл алды. Жолугушууда Туратбек Акунов министр Алтынбек Максутовго өзү жасаган үч кылдуу кыл кыякты бет ачарын кылып, ал аспапта жаңы чыгарманы сунушташты. Министр өзгөчө өнөрдүн ээси Туратбек Акуновго […]Читать далее
Берлиндин Этнологиялык музейинде Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин катышуусунда Нооруз майрамына карата массалык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чараны Афганистан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү биргелешип, “Маданий кызматташтык” герман коомдук бирикмесинин көмөгү менен уюштурган Иш-чаранын башында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев куттуктоо […]Читать далее
Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн маданият тармагындагы мамилелери, принципиалдуу пикир келишпестиктердин жоктугу, көптөгөн актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча көз караштарынын окшоштугу, тараптардын өз ара мамилелерди бекемдөөгө умтулуусу достук, коңшулаштык, өз ара […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу аймактык мекемелер тиешелүү жабдуулар жана окуу куралдары менен камсыздалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, аймактардагы мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 50 даана заманбап компьютер, 97 даана принтер ошондой эле ноутбук, проектор, интерактивдик панель/доска, сканер, телевизор, IP камера, видеокаттоочу аппарат, процессор жана башка бир топ керектелүүчү жабдуулар […]Читать далее
Кыргызстанда жакынкы 2-3 жыл аралыгында 70 музыкалык мектеп курулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал белгилегендей, мектептердин курулушу калктын маданиятын жогорулатып, жаш таланттардын кыялына жетүү жолунда жардам берет.Читать далее
Кыргызстандагы мамлекеттик музейлердин буюмдарын жана коллекцияларын, тарыхый булактарын жана баалуулуктарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштелип чыгууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Мындай кадам КРнын Музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогун түзүү максатында ишке ашырылууда. Анда музей буюмдарын кабыл алуу жана эсепке алуу, музейде предметтин орун которууларын документ түрүндө тариздөө, инвентардык жана […]Читать далее
Улуттук тарых музейинин фонду акын Элмирбек Иманалиевдин коллекциясы менен толукталды. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти. Белгиленгендей, музейдин фондуна аңызга айланган акындын колу ойногон комузу, аманат кылган ырлар жыйнагы, кѳзгѳ үйүр алган сахна чепкени, эл ыроологон күбѳлүктѳрү, сыйлыктары менен эстеликке калган сүрѳттѳрү тапшырылды. “Арстанбек, Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул сындуу алп акындардын жолун улап, катарын калыңдаткан акын импровизатор, […]Читать далее
Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында заманбап индия бийинин кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маданий иш-чара доктор Рекха Мехра жетектеген “Урваши” маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулду. Бий кечесине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Индиянын Кыргызстандагы элчиси […]Читать далее
Кыргыз улуттук тарых музейинин фонду советтик кино жана театр актрисасы, КР ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын театрда жана тасмада кийген кийимдери менен толукталды. Музейден билдиршкендей, кызматкерлер сахна ханышасы жана сулуулуктун эталону саналган актрисанын экзотикалык экспонатка айлана турган “Кызыл алмада” бейтааныш сулуунун ролунда оронгон элечеги, “Уркуя” фильминде салынган бѳртмѳ жоолугу, спектаклде сценада кийилген чыптамалары, […]Читать далее