Мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россия Федерациясынын элчилигинин имараттарынын жанында, Ала-Тоо аянтында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
“Альфа Телеком” (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жазды. “Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө алдоо жолу менен акча алуу максатында телефон чалуу боюнча алдамчылык фактылары тууралуу эскертет. Лотереянын жеңүүчүлөрүнө телефон чалып, өздөрүн Салык кызматынын кызматкери же лотереянын оператору деп тааныштырып, куттуктап, утуп алган байгени алуу үчүн акча которууну суранган шылуундар пайда болду. Мамлекеттик салык кызматы лотереянын […]Читать далее
Бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Көрүнүктүү маданият ишмерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, бир катар маданият ишмерлери, маркумдун туугандары жана жакын […]Читать далее
29-июндан 7-июлга чейин Ысык-Көлдө дүйнө жүзүндөгү таланттуу окуучулардын илимий кызматташуусуна жана билим алмашуусуна дем берүү максатында Эл аралык изилдөө мектеби өтүүдө. Ар кайсы өлкөлөрдүн университеттеринин жана илимий институттарынын окумуштуулары жана эксперттери лекцияларды жана мастер-класстарды өткөрүшөт. Окуучулар изилдөө иштерин жүргүзүүнүн этаптарын өздөштүрүшөт: гипотезаны көрсөтүү, максаттарды жана милдеттерди коюу, эксперимент жүргүзүү, алынган маалыматтарды иштеп чыгуу, кесиптештердин жана […]Читать далее
“Ынтымак 2” паркында “Сейилдеги серенада” поэзия кечеси өттү. Кечеде КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Шабыт” эл аралык фестивалынын дипломанты, “Чечен айтыш” телетаймашынын бир нече жолку жеңүүчүсү, “Дил чабыт” жана “Жаралуу сезимдер” поэтикалык китептердин автору Жылдызбек Турсунбаевдин, Нурборбор чыгармачылык академиясынын мүчөсү. «Коштошуу» аттуу прозалык, «Саябандагы муза» ыр жыйнагынын автору, Республикалык “Манас” жаштар ордосу уюштурган “Жаш калем” […]Читать далее
Нарындагы жол тейлөө ишканаларына КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан HOWO үлгүсүндөгү 9 даана өзү жүктөөчү автоунаа берилди. Облус жетекчиси А.Эргешов техникалардын акжолтой болушун тилек кылып, жасалып жаткан жолдордун сапатына көнүл бурууну жакшы кароону “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарындагы филиалынын жетекчиси Калысбек Базаровго тапшырды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Женишовичке сөгүш берилди. Эске салсак, Президенттин “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү […]Читать далее
Улуттук агенттиктин директору У. Т. Темиралиев жалпы кубаттуулугу 50 МВт болгон “Күн Булагы” күн электр станциясы курулуп жаткан жер менен таанышты. Долбоор Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылууда. Долбоордун инвестициялык жалпы көлөмү 35 млн.АКШ долл. ашыкты түзөт. Долбоор “Күн Булагы”ЖЧКсы менен Казакстан Республикасындагы ЭКБ чөйрөсүндөгү бир катар долбоорлордо (“Кенгир” КЭС, “Балхаш” КЭС, […]Читать далее
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын катышуучулары тарабынан 2023-жылдын 1-июлуна чейин топтолгон жана утуштун биринчи этабына катышкан бардык ID-номерлер жокко чыгарылды. Лотереянын шарттарына ылайык, 2023-жылдын 2-июлунан тартып ID-номерлерди топтоо кайрадан башталды. Экинчи турга 2023-жылдын 1-июлунан тартып 25-декабрына чейин берилген кассалык чектер катышат. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү утуштун экинчи этабына катыша алышпайт. Эскерте кетсек, 25-декабрдан 30-декабрга чейин […]Читать далее