Кыргызстанда бир үй-бүлөдөгү майыптыгы бар эки же андан көп адамга кам көргөн жеке ассистенттерге төлөмдүн жаңы тартиби киргизилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта бир ассистент бир үй-бүлөдөгү эки же андан көп адамды караса, ар бир камкордук көргөн адам үчүн акы толук өлчөмдө төлөнөт. “Бул тартип туруктуу кароого муктаж болгон […]Читать далее
Жыл башынан бери Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылы жалпысынан 9 672 жаран кайрылган. Ал эми 2026-жылдын сегиз айында кайрылуулардын саны былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 50%га өскөн. “Бул жарандардын Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү туурасында маалымдуулугунун кеңейишин билдирип, бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү механизмдеринин жеткиликтүүлүгү артканын көрсөтөт”, […]Читать далее
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Бишкек Аренанын” курулушуна кеткен чыгымды тактады. “Жакында эле “Бишкек Арена” стадиону боюнча кыскача маалымат бердим эле. Мурда кызматкерлер, куруучулар жана тиешелүү адамдардын баары ШКУ менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп, күнү-түнү бошобой жүргөндүгүнө байланыштуу, толук маалыматты ала алган эмеспиз”, — деди ал. Ал учурда толук маалымат колуна тийип, аны […]Читать далее
Бишкек мэриясында ири эл аралык иш-чаралардан кийин аткарылуучу иштер талкууланып, бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына өзгөчө көңүл бурулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, анда мэр Айбек Жунушалиев жолдорду, жол инфраструктурасын оңдоого, имараттардын фасаддарын жаңылоого жана башка иштерге бөлүнгөн каражаттар боюнча ар бир объектке аудит жүргүзүп, чыгымдарды талдоону тапшырды. “Аткарылган иштердин көлөмү менен каржылык чыгымдар шайкеш болуп, иштердин наркын негизсиз […]Читать далее
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Франциянын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анда кыргыз-француз энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында энергетика секторундагы кыргыз-француз кызматташтыгынын келечектүү багыттарын мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга жана өз ара кызматташууну улантууга даярдык ырасталды.Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, Оюндар жогорку деңгээлде өтүп, чоң спорттук майрам катары жыйынтыкталды. “Көк бөрү жана жер улакта кыргыз жана казак командалары мыкты оюн көрсөтүп, атаандаштык оюн талаасында гана каларын дагы бир жолу далилдешти. Күйөрмандардын арасында да эч […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги объекттерин электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылууга энергетика тармагынан 600дөн ашуун адис тартылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Энергетиктер иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү күнү-түнү нөөмөттө туруп, электр тармактарынын жана жабдуулардын абалын көзөмөлдөп, мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр болушту. “Электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн негизги объекттердин энергетикалык […]Читать далее
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ата мекендик мөмө-жемиштерди Кытай рыногуна экспорттоого мүмкүндүк берген фитосанитардык протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Документ кыргызстандык өндүрүүчүлөргө жаңы терилген малинаны, кара бүлдүркөндү жана карагатты Кытайга расмий экспорттоого жол ачат. Ушуга байланыштуу дыйкандарга экспортко багытталган, жогорку киреше алып келүүчү бир катар […]Читать далее
Агартуу министрлиги “Ачык министрлик” долбоорун баштады. Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы окуу жылынын алдында министрликтин жетекчилиги жана башкармалыктардын башчылары ата-энелердин жана коомчулуктун билим берүү тармагына байланыштуу суроолоруна WhatsApp аркылуу жооп беришет. Эгер жеринде чечилбей жаткан маселелер болсо, төмөнкү багыттар боюнча жарандар кайрылса болот: Мектепке чейинки билим берүү — Нурзида Касымова; Жалпы орто билим берүү — Мелисбек Музулманов; […]Читать далее
Кыргызстанда 29-августтан 6-сентябрга чейин өткөн ШКУнун 26-саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын 15 миңден ашуун кызматкери тартылды. ИИМдин маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери расмий жана спорттук иш-чаралар өткөн жайларда, делегациялардын жүрүү каттамдарында, коноктор жайгашкан объектилерде жана жарандар көп чогулган аймактарда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Өзгөчө көңүл 30 […]Читать далее