Бишкектеги “Тунгуч” театрында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, анда президенттин атынан сыйлыктарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тапшырды. Жалпы 181 көп балалуу эне мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болуп, алардын 92сине “Баатыр эне” ордени, 89уна “Эне даңкы” медалы ыйгарылды. Айбек Жунушалиев энелерди куттуктап, алардын балдарды татыктуу тарбиялоодогу эмгегин жогору баалап, үй-бүлө коомдун […]Читать далее
Кыргызстанда өткөн суткада электр энергиясын керектөө 48,4 млн кВт/саатты түзүп, мурунку күндөргө салыштырмалуу төмөндөдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 22-июлга карата өлкөнүн энергетика тутуму штаттык режимде иштеп, электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок. Ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында энергетикалык объектилерде пландуу оңдоо иштери уланууда. Оңдоо иштеринин графиги “Кыргызстан […]Читать далее
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев мааракеге карата уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди. Министр белгилегендей, мамлекеттик деңгээлдеги 25 жана эл аралык деңгээлде 7 иш-чара өткөрүлөт. Алар маданий, илимий, билим берүү, дипломатиялык, маалыматтык жана инфраструктуралык иш-чараларды камтыйт. “Маданият министрлиги тарабынан […]Читать далее
Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү максатында муниципалдык унаа токтотуучу жайларда атайын унаа орундары уюштурулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча штабдын жыйынында техникалык жактан мүмкүн болгон бардык муниципалдык унаа токтотуучу жайларда атайын орундарды түзүү тапшырылды. Төрт райондук администрацияга “Шаардык жол-транспорттук инфраструктура” муниципалдык ишканасы менен биргеликте […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Мадина” базарынын соодагерлери менен жолугуп, алдыда жүргүзүлө турган реконструкция иштерин талкуулады. Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда базарды 2026-жылдын 1-августунан тартып жаңылоо планы каралып, ишкерлерге базардын айланасында уюштурула турган жаңы соода орундарын пайдалануу сунушталды. Калаа башчысы реконструкция иштеринин максаты шаардын көрүнүшүн жакшыртуу жана тартипти күчөтүү экенин белгилеп, ошол эле учурда ишкерлердин укуктары жана […]Читать далее
2026-жылы майыптыгы бар жарандарга 257 майыптар арабасы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган чоңдор үчүн 26, балдардын көп тармактуу майыптык арабасынан 94, гуманитардык жардам катары берилген 137 араба берилди. Белгиленгендей, майыптыгы бар адамдарды араба менен камсыздоо министрлер кабинетинин атайын жобосуна ылайык жүргүзүлөт. […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Бала ырысы” жөлөк пулун тариздөө тартиби тууралуу маалымдайт. Министрликтин маалыматына караганда, эгерде балада Кыргызстандын жаранынын жалпы жарандык паспорту жок болсо, жөлөк пул алуу үчүн анын Кыргызстандын жарандыгына таандык экендигин тастыктоо талап кылынат. “Ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлү “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборуна кайрылып, баланын Кыргызстандын жарандыгына таандык экендигин […]Читать далее
Жарандар эми никени каттоого арызды түздөн-түз “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу бере алышат. “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин маалыматына караганда, жаңы санариптик кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Демилгечи “Никени каттоо” кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) киргизет жана Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт. Экинчи тарап билдирүү алып, маалыматтарды текшерип, макулдугун берип, Face […]Читать далее
Абанын температурасы 45 градуска жеткен учурда электр чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 25%га чейин төмөндөп, мындай шартта кадимки учурдагы 100% өткөрүмдүүлүк 75%га чейин азаят. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирди. Анын айтымында, жогорку температура жана электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү энергетика тутумуна кошумча күч келтирүүдө. Учурда республика боюнча айрым аймактарда энергетикалык жабдуулар өз […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика боюнча билдирүү жасады. Өлкө башчысы энергетика тармагындагы кырдаал тууралуу айтып жатып эгемендүүлүк алгандан бери Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир гана агрегаты ишке киргизилгенин, ири ГЭСтер курулбагандыктан кышкысын коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууга туура келип жатканын белгиледи. “Таңкыстык […]Читать далее