2024-жылдын 7 айында Кыргызстанда акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартуу боюнча иш-чаралардын алкагында 176 миңден ашык куту тамеки тартып алынган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ведомстводон билдиришкендей, негизги эреже бузуулар чет өлкөдө өндүрүлгөн Oris, Milano, Like, Mondeo жана Morbella бренддерди акциздик маркалары жок тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоо же сатуу болгон. Эскерте кетсек, КРнын […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматты боюнча, жумуш издеп, мамлекеттик иш менен камсыздоо органдарында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 1-августка карата 79,2 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комиттетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 18,9 пайызга аз, анын ичинен катталган жумушсуздардын саны 57,6 миң адам же 21,7 […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-июль айларындагы салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 5 млрд 685,2 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасын кошумча эсептеди. Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинде камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 3 млрд 656,9 млн сом, көчмө текшерүүлөрдө 2 млрд 28,8 млн сом суммасында салык бузуулар аныкталган. Ошондой эле салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча […]Читать далее
1-сентябрда транспорт каражатына, турак үй, батирге жана жер тилкелерине салык төлөөнүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салык органынан белгилешкендей, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндөргө жана мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди убагында тапшырбагандарга айып пул салынат. Анда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып каралган. Маалыматка таянсак, 20-августка […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда. Долбоорлор ар кандай багыттарды камтыйт, анын ичинде:Балык чарба: 14 долбоорКанаттуулар чарбасы: […]Читать далее
Кыргызстанга 150 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Чалдовар” көзөмөл-өткөрүү пунктунда салык жана чек ара кызматкерлери тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө республиканын аймагына 150 даана уюлдук түзүлүштөрдү алып кирүүгө байланыштуу мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Түзүлүштөр убактылуу тартылып алынып, бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 29,9 млрд сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 561 миңге жакын адамды түздү. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,6 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 26,6% көбөйдү. Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаары (берилген микрокредиттердин жалпы […]Читать далее
Кыргызстандын курулуш тармагы өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын январь-июнь аралыгында 44,5%га өстү. Мындай статистиканы Евразия экономикалык комиссиясы чыгарды. Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылда Кыргызстандын курулуш тармагы жакшы көрсөткүчкө чыкты. Белоруссия жана Казакстанда 8,6%, Россия Федерациясында 3,9% түзсө, ал эми Арменияда 2,1% түзгөн. ЕАЭБде 2024-жылдын январь-июнунда аткарылган курулуш иштеринин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине […]Читать далее
Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндердин 71%ы оруп-жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл оруп-жыйноо иштери өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө. Кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) 351,2 миң гектары жыйналды, же 71,5 % түздү. Бул өткөн жылдагыдан 71,2 миң […]Читать далее
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жыл башынан бери жүк жүктөгөн айдоочуларга 64,6 млн сом айып пул салынды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 7 айдын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 410 миң 336 унаа текшерилип, анын натыйжасында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 4 420 протокол түзүлдү. Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт […]Читать далее