Быйыл Жалал-Абад облусуна 558,6 млн сом каралды

 Быйыл Жалал-Абад облусуна 558,6 млн сом каралды

Быйыл Жалал-Абад облусуна 677,7 млн сом бөлүнгөн. 2023-жылы  558,6 млн сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер  катары 677, 7 млн сом каржыланган. Жалал-Абад облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 57 долбоор ишке ашырылып, ага 121,1 млн сом каржыланды. Капиталдык салымдар беренесинен 2022-жыл ичинде  1,4 млрд сом толугу менен каржыланды.

Ал эми 2023-жылга республикалык бюджеттен 558,6 млн сом каралат.

Алардын:

  1. Аксы району- 100,3 млн сом;
  2. Ала-Бука району- 49,6 млн сом;
  3. Базар-Коргон району- 82,3 млн сом;
  4. Ноокен району- 70,4 млн сом;
  5. Сузак району- 100,2 млн сом;
  6. Тогуз-Торо району- 44, 5 млн сом;
  7. Токтогул району- 83,6 млн сом;
  8. Чаткал району- 13 млн сом;
  9. Көк-Жаңгак шаары- 14,4 млн сомду түздү.

Связанный пост