Быйыл, Ош облусу боюнча жалпысынан 44 бала бакча пайдаланууга берилди, жыл аягына чейин 60тан ашыруу пландалууда

 Быйыл, Ош облусу боюнча жалпысынан 44 бала бакча пайдаланууга берилди, жыл аягына чейин 60тан ашыруу пландалууда

Быйыл, Ош облусу боюнча жалпысынан 44 бала бакча пайдаланууга берилди, жыл аягына чейин 60тан ашыруу пландалууда. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Папан айылына иш сапары менен барып бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышты.

Бул иш-чара айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана сапаттуу билим берип, келечек ээлеринин бакубаттуулугуна кам көрүүдөгү олуттуу кадам болуп саналат.

Жергиликтүү тургундар Кыргыз Республикасынын Президентине жана анын Оштогу өкүлүнө ыраазычылыктарын айтып жана өз аймагындагы курулуш иштери бүтүп, башка маанилүү объектилердин жанданып жатканына кубанычта экенин билдиришти.

 

Маалымат: Кызыл-Туу айылындагы № 91 Эргеш Алыкулов атындагы орто мектебинин эски имараты жергиликтүү бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, мектеп алдындагы 60 орундуу бала бакча болуп уюштурулду.

– жергиликтүү бюджеттен 2 млн 239 миң 000 сом каралган.

– республикалык “Дем берүүчү гранттан” 3 млн 326 миң 100 сом бөлүнгөн.

– Ош облустук өнүктүрүү фондунан 1 млн 238 миң 700 сом бөлүнгөн.

​ От казаны өзүнчө курулган. Жылытуу системасы көмүр менен жылытылат. Керектелүүчү көмүр – 30 тонна каралган.

Связанный пост