Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Astana Hub” IT-стартаптарынын эл аралык технопаркында болду

 Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Astana Hub” IT-стартаптарынын эл аралык технопаркында болду

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Astana Hub” IT- стартаптарынын эл аралык технопаркында болду.

Технопаркка баруу учурунда конокторго заманбап чечимдер жана IT-технологиялар, ошондой эле ийгиликтүү стартаптар тартууланды.

Маалымдама: Astana Hub – Астана шаарында (Казакстан) жайгашкан IT- стартаптарынын эл аралык технопаркы.

Astana Hub миссиясы – стартап-маданиятын өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикасын жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн инновациялык IT долбоорлорду колдоо.

Бүгүнкү күндө 633 IT-компания Astana Hub мүчөсү болуп саналат, анын ичинен 70 чет өлкөлүк IT-компаниялар Сингапур, Кытай, Түштүк Корея, Япония, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Германия, Чехия, Эстония, Грузия жана башка жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн.

Связанный пост