Бишкектин «Арча-Бешик» конушунда суу боюнча абал турукташууда

 Бишкектин «Арча-Бешик» конушунда суу боюнча абал турукташууда

№79 мектепте борбор калаанын мэринин орун басары  Жыргалбек Шамыралиев менен Арча-Бешик конушунун калкынын жолугушуусу  өттү.

Жыйынга ошондой эле «Бишкексууканал» ӨЭБнын, «Тазалык» МИнын, ЖКнын «Бишкексуучарба» МИнин, Көрктөндүрүүнү контролдоо  боюнча муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар суу көйгөйүн биротоло чечүү үчүн жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу, тургундардын өздөрү тарабынан баш аламан тартылган түтүктөрдү иретке келтирүү маселелерин талкуулашты.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Айылчиев көчөсүндө  Абдрахманов көчөсүнөн  Жайыл баатырга чейин кошумча түтүк тартылды. «Орто-Алыш» суу алгычын түшүрүү үчүн Адышев көчөсүнө түтүк тартылып, Башкара-Суу суу алгычына кошулат.

Бүгүнкү күндө Орто-Алыш суу алгычындагы суу сактагычтардагы суунун көлөмү көбөйдү. Эгерде бир  ай мурда 8500 м3/саат өндүрүлгөн болсо, бүгүнкү күндө 9100 м3/саат. Эсептөөлөргө ылайык, суунун деңгээли 9500 м3/саатка жетсе, суу маселеси толук чечилет.

Белгилей кетсек, көйгөйлүү аймактарда нөөмөт менен  кошумча транспорт  тартылып, зарыл болгон учурда водовоз сууну ыкчам жеткирет.

Связанный пост