Бишкекте жайкы мектеп лагерлери ачылат

Борбор калаанын мэриясы шаардын 39 мектебинде лагерлердин ишин уюштурса, 34 мектепте коомдук тамактануу менен лагерлер уюштурулган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Учурда лагерлерди ачууга даярдоо иштери жүрүп – эс алууну каалаган окуучулардын тизмелери, лагерлердин иш пландары, жайкы каникулга карата балдардын чыгармачылык борборлорунун ийримдеринин жана спорт секцияларынын иштери такталып жатат.
Мектеп лагеринин иштөө мезгилинде балдар ийримдер менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат, маданий саякаттар, спорттук оюндар, сынактар жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат. Балдар үчүн балдардын чыгармачылык борборлору 71 ийримдин ишин уюштурат.
Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, борбордун ички иштер башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, балдардын коопсуздугун мектеп коопсуздук кызматы камсыздайт.