Бишкекке ичинде кондиционери бар автобустардын партиясы келе жатат

 Бишкекке ичинде кондиционери бар автобустардын партиясы келе жатат

Бишкекке Түркиядан 35 автобус келе жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.

 

Анын айтымында, жаңы автобустар Бишкек мэриясы тарабынан сатып алынды.

 

“Автобустар кондиционер жана майыптыгы бар жарандар үчүн көтөрүүчү механизмдер менен жабдылган”, – деп кошумчалады ал.

 

Вице-мэр белгилегендей, жаңы автобустар экспресс каттамдарга чыгат. Мисалы, “Манас” аэропортуна чейин каттайт.

 

“Бүгүнкү күндө борбордо 1 миң 376 автобус бар. Күн сайын линияга 1 миң 70 автобус жана 108 троллейбус чыгууда. Дагы кошумча автобустар алынып келип, региондорго берилген троллейбус каттамдарынын ордуна чыгат, – деп белгиледи Ырсалиев.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост