Бишкек шаарынын мэриясы дагы 300 автобус сатып алууну пландоодо

 Бишкек шаарынын мэриясы дагы 300 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкекке 288 даана коомдук транспорт сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров брифингде билдирди.

 

Анын маалыматына караганда, жыл соңуна чейин бюджеттин эсебинен алынып жаткан Isuzu маркасындагы 68 автобус келет. Ал эми 2025-жылдын 1-кварталында Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 120 электробус жана Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 100 автобус алынат.

 

Капаров белгилегендей, бүгүнкү күндө автопарк 96%га жаңыланды. “Жалпысынан учурда ишканада 1376 автобус, 2700 айдоочу жана ишкананын штатында 3608 адам бар”, – деди ал.

Связанный пост