Баткенде 3 млн сомдук дары-дармектердин контрабандасы кармалды

 Баткенде 3 млн сомдук дары-дармектердин контрабандасы кармалды

Баткенде 3 миллион сомдук дары-дармектердин контрабандасы кармалды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, бажы мыйзамын бузуу фактысын аныкташты.

Ош-Баткен-Лейлек автожолунун «Развилка» жергесиндеги убактылуу түзүлгөн мобилдик постунда Кыргыз Республикасынын жараны «С.Б.А.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter 414» үлгүсүндөгү  унаа каражаты токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүнөн Швейцарияда чыгарылган 6000 даана дары-дармек табылган. Товардын жалпы салмагы 1260 кг, баасы 3 млн сомду түзгөн. Жүктүн эч кандай бажы документтери болгон эмес.

Медициналык дары-дармектер иштин бардык жагдайлары такталганга чейин «Кайырма+Дума» ЖЧКнын аймагына убактылуу сактоосуна өткөрүлүп берилди. Чогултулган материалдар КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен райондук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Связанный пост