Баткен шаарында беш ай ичинде беш тиш дарылоочу жай жабылды

 Баткен шаарында беш ай ичинде беш тиш дарылоочу жай жабылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 06.07.2022-ж. №476 буйругун аткаруу максатында, Баткен район аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан, тиш дарылоочу жайлардагы лицензиялык талаптардын аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Жыл башынан бери Баткен санитардык эпидемилогиялык көзөмөлдөө борбору облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте стоматологиялык жайлардын санитардык абалын текшерип, жыйынтыгында 2023-жылдын январь айынан баштап 5 ай ичинде, Баткен шаарындагы талапка жооп бербеген 5 жеке тиш дарылоочу жайды жапкан.

Связанный пост