Баткен: Очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Баткен: Очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

КР Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнь күнү саат 07:51де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Жаңы-Коргон жана Тескей айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост