Башкы прокурордун орун басары алмашты
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык КР башкы прокурорунун орун басары – КР аскер прокурору Расулов Мирбек Алишерович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Исмаилов Жыргал Рысбекович КР башкы прокурорунун орун басары – аскер прокурору болуп дайындалды.