Баку-Бишкек-Баку багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда
![Баку-Бишкек-Баку багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/06/355718192_570915038536235_2411899025612026984_n-788x560.jpg)
Баку-Бишкек-Баку багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу «МЭА» ААКнун басма сөз кызматы маалымдады.
2023-жылдын 15-июлунан тарта азербайжандык AZAL авиакомпаниясы Кыргызстан менен Азербайжандын борборлорун бириктирип, Баку-Бишкек-Баку багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткарунуу пландаштырууда.
Каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү жүргүзүлөт.