Президент

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы жылуу кабыл алуу жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди, ошондой эле түрк […]Читать далее

Министрлер кабинети

“Эксперт” системасы: Окуу китептеринин сапатын текшерүүгө заманбап мамиле

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы астында 2027–2030-жылдарга карата жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгууга арналган көчмө жыйын өттү. Жыйында мамлекеттик программанын иш-аракеттер планынын долбоору, ошондой эле окуу китептеринин сапатын камсыздоо, эксперттик баалоо механизмдерин өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды. […]Читать далее

Коом

Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укугун коргоо күчөтүлөт

Бишкекте майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 30-октябрда өткөн улуттук консультациялык жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Министрдин орун басары Мирланбек Бойгончоков бул багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүү, коргоо механизмдерин күчөтүү жана мамлекеттик органдардын өз […]Читать далее

Президент

ТМУнун кезектеги Саммитинин жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Түркия Республикасынын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту: – Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин декларациясы; – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени” менен сыйлоо жөнүндө чечим; – Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо жөнүндө […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Анкарада өткөн ТМУнун саммитинде сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитинде сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканына токтолду. Президент Садыр Жапаров “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагын инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү аянтча катары өзгөчө белгилеп, Кыргызстан […]Читать далее

Коом

Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сомдон берилет

Кыргызстанда жумушсуз жарандарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сомдон кайтарымсыз колдоо көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 12 айга эсептелген долбоор “Социалдык контракт” программасынын алкагында Бишкек, Ош, Каракол шаарларында жана Кадамжай районунда ишке ашат. Кайтарымсыз каражат расмий каттоодо турган бир жумушсузду жумушка алган ишкерлерге берилет. “Ишкерлерди тандоодо алардын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы 14-жыйынын өткөрүштү. Жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Казакстандагы реформаларды канааттануу менен байкап жатканын белгилеп, эки элди көп кылымдык боордоштук байланыштар бириктирип турарын баса белгиледи. Ошондой эле акыркы жылдары мамлекет башчыларынын ишеничтүү мамилесинин негизинде кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын, Президент Касым-Жомарт […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев менен Олжас Бектеновдун тар курамдагы жолугушуусу болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун тар курамдагы эки тараптуу жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев эки мамлекеттин лидерлеринин саясий эркинин аркасында эки тараптуу мамлекеттер аралык кызматташтык туруктуу өнүгүп, […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров ТМУнун 13-саммитине катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитине катышуу үчүн Президенттик сарайга келди. Иш-чара башталганга чейин уюмга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчыларын Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган тосуп алды. Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтык форуму өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумунун ачылышына катышты. Белгилей кетсек, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчыларынын саясий эрки жана бекем колдоосунун аркасында […]Читать далее