Анкарадагы терактта жабыркагандарын арасында кыргызстандыктар жок

 Анкарадагы терактта жабыркагандарын арасында кыргызстандыктар жок

Анкара шаарындагы аэрокосмостук компаниянын аймагында жардыруу болгон жердеги атышуудан жабыркагандардын арасында каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады.

“Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктардын жарандары жок”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост