Ала-Букада мыйзамсыз алтын казуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ала-Бука районунун Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычынан мыйзамсыз чачыранды алтын казып алуу факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасы маалымдады.
Жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ала-Бука районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана Ала-Бука районунун Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычынын кызмат адамдарынын өздөрүнүн милдеттерин так аткарбагындыгынын натыйжасында, аталган суу сактагычтын аймагынын жалпы аянты 2,6 га түзгөн 4 (төрт) участкасында жеке ишкер тарабынан мыйзамсыз, өз алдынча чачынды алтын чайкоо жолу менен казылып жаткандыгы аныкталган.
Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам, жайыт жана сугат айдоо категориясындагы жерлердин кыртышы бузулуп, мамлекетке 29 млн 801 миң 50 сомдук экологиялык зыян келтирилген.
Жогорудагы факты боюнча Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренеси (жерди бузуу) менен кылмыш иши козголуп, анын тергөөсү Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча Башкы башкармалыгына тапшырылды.
Учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.