Акылбек Жапаров Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин вице-президенти менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Сачико Имото менен жолукту.

Президенттик администрацияда өткөн сүйлөшүүдө минкаб башчысы Кыргызстандын ар дайым колдоосу үчүн Японияга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Акылбек Жапаров министрлер кабинети өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча аракеттерди көрүп жатканын белгилеп, чийки зат экспортунун моделинен индустриалдык-инновациялык моделге өтүүгө басым жасап жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы үч жылда экономиканын өсүшү орто эсеп менен 7%га жакын, ал эми мамлекеттик консолидацияланган бюджет эки эседен ашык өстү.

Министрлер кабинетинин башчысы олуттуу каржылык ресурстарды талап кылган бир нече негизги долбоорлорду айтып, өзгөчө кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон, жылына орточо 5,6 млрд киловатт-саат электр энергиясын өндүрө турган Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушуна болжол менен 5 млрд АКШ доллары талап кылынаарын белгиледи. Ал ошондой эле суу менен камсыздоо жана канализация тармагын өнүктүрүүгө, анын ичинде ирригациялык каналдарды курууга жана Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу социалдык турак-жай менен камсыз кылууга басым жасады.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Япониянын долбоорлорду ишке ашыруудагы биргелешкен аракеттери экономиканын өсүшүнө гана эмес, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга да салым кошоруна ишенимин билдирди.

“Биз өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө жетишүүгө жардам бере турган жаңы идеяларга жана чечимдерге ачыкпыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Связанный пост