Акылбек Жапаров расмий сапар менен Россияга барат

 Акылбек Жапаров расмий сапар менен Россияга барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарына расмий сапар менен барат.

Расмий сапардын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт.

Мындан тышкары расмий сапардын жүрүшүндө, эки тараптуу жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулат.

Связанный пост