Акылбек Жапаров менен Алексей Оверчук эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун эки тараптуу жолугушуусу болду.

“Кыргыз-орус мамилелери абдан жогорку деңгээлде экенин белгилеп кетүү жагымдуу. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын олуттуу активдешүүсү байкалууда. Бүгүнкү форумда айтылган сөздөр жана көрсөткүчтөр буга далил. Мындан эки ай мурда Красноярск шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиябыздын 25-жыйыны ийгиликтүү өттү. Кыргыз-орус аймактар аралык 11-конференция да жакшы жыйынтыктарды берди”, – деди Акылбек Жапаров.

Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук өз кезегинде кыргыз-орус мамилелери жакшы маанайда өнүгүп жатканын белгилеп, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын жана умтулаарын кошумчалады.

Тараптар ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, мындан тышкары кеңири чөйрөдөгү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Связанный пост