Бишкекке келгендер эми эки автобекеттен жол тартат

Бүгүндөн баштап батыш автобекети ишин толугу менен токтотуп, жаңы дарекке көчүрүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, эми батыш автобекетиндеги бардык каттамдар “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп баштайт.

Аталган ишкана эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.

Учурда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн, батыш автобекетинен “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташууда.

Муниципалитеттен белгилешкендей, мындан ары борбор калаанын тургундары жана коноктору эки автобекеттен жол тартат:

– чыгыш аймактарга багытталган каттамдар Алма-Ата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен кетет;
– батыш аймактарга каттаган унаалар Фрунзе көчөсү, 209 (РИОМ “Унаа” базарынан кийин) дарегинен жөнөйт.

Связанный пост