Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казань шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Мамлекет башчынын борту Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду.

 

Президент Садыр Жапаровду Татарстандын Раиси – Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

 

Аэропортто БРИКСке мүчө-мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Садыр Жапаров менен учурашып, улуттук сый тамактарды тартуулашты.

 

Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.

Связанный пост