Акылбек Жапаров Экономика министрлигинин 100 жылдыгына арналган конференцияга катышты

“Экономикалык керемет — 2030” стратегиясы, аны биз “Илбирстин секириги” деп да атайбыз, ал алдыдагы он жыл экономикабызды трансформациялоонун башталышы болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Экономикалык кереметтин негиздери — 2030: Кыргыз илбирсинин секириги” аттуу илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

 

Ал президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына карата куттуктоо сөздөрүн айтты.

 

“Жүз жылдын ичинде Кыргызстан татаал жолду басып өттү: совет мезгилиндеги айыл чарба экономикасынан бүгүнкү күндөгү рыноктук трансформацияларга чейин. Биз дүйнөлүк экономикадагы терең өзгөрүүлөрдүн күбөсү болдук, алар өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн ар бир этабына сөзсүз түрдө таасирин тийгизди. Биздин конференция эң дымактуу милдеттердин бирине – “Экономикалык керемет — 2030” стратегиясын ишке ашырууга арналган, аны биз “Кыргыз илбирсинин секириктери” деп да атайбыз. Бул стратегия алдыдагы он жылда экономикабызды трансформациялоонун башаты болот”, – ал.

 

Акылбек Жапаров жогорудагы стратегияга токтолду. Анын айтымында, азиялык жолборстордун экономикалык жетишкендиктерин биздин экономика менен салыштырып көрсөк, илбирстин секириги болооруна баары эле ишене бербейт.

“Анан эмне? Пессимисттер, адатта, кыйын кырдаалга кабылбаган эң акылдуу адамдардай көрүнөт. Бирок бизге мындай акылмандардын кереги жок, иш кылыш керек. Антпесе, акылдуу да, акылсыз да, бардыгыбыз мындан да оор абалга кептелип калабыз. Заман агымынан артта калбашыбыз керек. Мындан 3 жыл мурда эле биздин өлкөдө көптөгөн адамдар биздин пландарыбызга ишенишчү эмес. Биздин реформалардын натыйжасы азыртадан эле көрүнүп турат. Акыркы үч жылда ИДПнын өсүшү 7 пайыздан ашты, ал эми өлкөнүн бюджети эки эсеге көбөйүп, 2023-жылы 577,2 миллиард сомго жетти. 2024-жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 650 миллиард сомдон ашат деп болжолдонууда”, – деди ал.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы 2024-жылдын январь-сентябрь айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы ИДПнын 108,4% деңгээлинде туруктуу өсүшүн көрсөткөнүн белгиледи. “Кумтөр” ишканасын эсепке албаганда бул көрсөткүч 109,7%ды түзөт. Экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалууда: курулушта – 37%, тейлөө тармагында – 7%, өнөр жайда – 4,3%, айыл чарбасында – 6,7%. 2024-жылдын январь-август айларында тышкы сооданын жалпы көлөмү 11 миллиард долларды түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9%га көп.

 

2023-жылы сооданын эң чоң өсүшү КМШдан тышкаркы өлкөлөр менен кызмат көрсөтүү соодасында байкалган – 2,6 эсеге өсүү, 2,3 млрд долларга барабар. КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүү 1,5 эсеге өсүп, 3 миллиард долларга жакынды түздү. Кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун үлүшү 2023-жылы жалпысынан тышкы сооданын жалпы көлөмүнүн 47,1%га жетип, 2,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2022-жылга салыштырмалуу 84,4%га көбөйдү, бул биздин кызматтарыбызга суроо-талаптын өсүп жатканын көрсөтүп турат. КМШдан тышкаркы өлкөлөргө кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 4 эсеге өскөн 1 миллиард доллардан ашыкты түздү (2022-жылы 257,3 млн доллар).

“Биз Кыргызстан кантип дүйнөлүк картадагы кичинекей звенодон өлкөлөр менен континенттерди байланыштырган маанилүү транспорттук түйүнгө айланып баратканын көрүп жатабыз. Алсак, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр боюнча көрсөткүчтөр 5,6 эсеге өскөн. 2023-жылы Кыргыз Республикасы 121 өлкө менен кызмат көрсөтүү боюнча тышкы соода жүргүзгөн. Ошол эле учурда 45 өлкөнүн чарбалык субъектилерине кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу көлөмү көрсөтүлгөн. Бул маалыматтар Кыргызстан көрсөткөн кызматтар тааныла баштаганын көрсөтүп, биздин компетенцияларыбыз жана сунуштарыбыз айкын жана жагымдуу болуп баратканын тастыктайт. Бул факторлор экономикабызга болгон ишенимдин жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатынын жогорулашынан кабар берээри талашсыз”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Ошондой эле, алдын ала маалыматтар боюнча 2024-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 334 млрд сомду түздү, же белгиленген тапшырма 113,2%ды түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешеси 17,2%га же 49 млрд сомго көбөйгөн. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Жаңы темир жолдун жалпы узундугу 311,75 чакырымды түзүп, “Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад” багыты тандалып алынган. Долбоордун болжолдуу баасы 4,7 миллиард долларды түзөт.

Мындан тышкары, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушунун алкагында 2024-жылы дагы 15 чакырым жолду бүткөрүү пландалууда.

 

“3 жыл мурун көптөр бул өзгөрүүлөрдү илимий фантастика, кандайдыр бир оптимист, романтиктердин фантазиясы деп эсептешчү. Бул азыр чындык. Башкача айтканда, 30 жылдагы иштер биздин акыркы үч жылга батып, маанилүүлүгү боюнча көрсөткүчтөрүбүз оптимизмге, “илбирстин секириги” делип ишке ашып жана биз экономикалык керемет жаратабыз деген ишенимге негиз болууда. Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин алысты көрө билген саясатынын, Камчыбек Кыдыршаевичтин коррупционерлерге карата катаал позициясынын жана кесипкөй адистердин жакшы ишинин аркасында ушундай жыйынтыкка жетише алдык. Гүлдөп-өнүгүү жолу эч качан оңой эмес, бирок биздин ар бир кадамыбыз күчтүү жана эгемендүү Кыргызстандын пайдубалын бекемдейт”, – деди Акылбек Жапаров.

Связанный пост