Нурланбек Шакиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды.

 

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Сергей Вакуновду Россиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

 

“Мамлекеттер аралык байланыштарыбыз, айрыкча саясий жана соода-экономикалык кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде экени белгилүү. Андыктан, элчи катары калыптанган алакаларды арттырып, жигердүү иш алып барасыз деген ишеничтемин. Себеби бизде өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Экономикалык байланыштарды кеңейтүүдөн тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү жаатында да потенциалыбыз жогору”, – деди Шакиев.

 

Муну менен катар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун өткөн жылы Россияга жасаган расмий сапары кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң түрткү бергенин баса белгилеген Нурланбек Шакиев парламенттер аралык байланыштардын учурдагы абалына да токтолду.

 

“Парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык алакаларды арттырууда негизги ролду ойнойт. Андыктан, биз парламенттерибиз ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкка да өзгөчө маани беребиз. Ошондой эле КМШ ПАА жана ЖККУ ПА өндүү эл аралык аянчаларда да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз” – деген төрага жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда мыйзам чыгаруу органдарынын салымы чоң экенин эске салды.

Жолугушууда соода-экономикалык маселелер да талкууланып, төрага эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү башкы максат экенин кошумчалады.

 

“Бул жааттан алганда Россия Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Ага ылайык, соода байланыштарын дагы күчтөндүрүп, бардык тоскоолдуктарды жоюу менен ортодогу мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануубуз кажет. Муну менен катар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, аталган багытта да алгылыктуу иштерди алып баруубуз зарыл”, – деди Нурланбек Шакиев.

 

Андан сырткары баарлашуу маалында эмгек мигранттарына тиешелүү көйгөйлөр да көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктар чек арадан өтүүдө жана иштөөдө ар кандай тоскоолдуктарга тушугуп жатканын билдирди.

 

“Бул биздин тынчсыздануубузду жаратпай койбойт”, – деген төрага жаңы дайындалган элчини аталган багытта керектүү иштерди жүргүзүүгө чакырды.

 

Өз кезегинде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, элчи катары айтылган бардык сунуш боюнча иш алып барарын кошумчалады. Мындан тышкары, элчи мигранттарга байланышкан жагдайлар жакынкы аралыкта жөнгө салынарын билдирди.

 

“Стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн бири саналган Кыргызстанга элчи болуп дайындалгандыгым мен үчүн чоң жоопкерчилик. Алдыда көптөгөн максаттар, ири пландар бар. Алардын бардыгын ийгиликтүү ишке ашырып, Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга болгон күч аракетимди жумшайм”, – деди Сергей Вакунов.

 

Ошондой эле алакалардын учурдагы абалына токтолгон жаңы элчи жакында эле биринчи жолу өткөрүлгөн эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны жана Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталганын, муну менен катар Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду да жемиштүү иштеп жатканын эске салды.

Связанный пост