МБК: Бишкекте АКШдан почта аркылуу келген «гибрид шишка» баңги затынын өзгөчө ири партиясы кармалды
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МБКнын «Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте узак убакыт бою органикалык баңги затын АКШдан Кыргыз Республикасына эл аралык почта компаниялары аркылуу жеткирүү каналын түзүп, андан ары Telegram мессенджериндеги интернет-дүкөн аркылуу сатууну ишке ашырган баңги тобун изилдеп келген.
«Түндүк» темир жолу КР ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте АКШдан келген жүктөрдү бажылык контролдоону жана текшерүүнү уюштурууда, 2004-жылы туулган алуучу К.Н.Н. жаранынын дарегине келген таңгактардын биринде өзгөчө ири өлчөмдөгү кара куурайдын жыты бар, «гибрид шишка» деп аталган зат партиясы табылган, аларды сатууда наркы 9 млн. сомго бааланат.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан баңгизат салынган башка жеткирүү келип түшкөндө, 2004-жылы туулган К.Н.Н. жараны кармалган.
Кармалган жарандын жашаган жеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңги кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү 1999-жылы туулган Л.Ю.В. жана 2003-жылы туулган Т.В.С. жарандары аныкталып, кармалган. Мындан тышкары, жогоруда аталган адамдар тарабынан кылмыш ишинин ачык-айкын белгилери бар баңгизаттарды таңгактоочу буюмдар табылып, алынган.
Учурда бул факты боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.