Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командалары үчүн окуу-машыгуу базасын ачты

Президент Садыр Жапаров жана Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа бүгүн, 22-октябрда Чүй облусунун Орок айылында футбол боюнча Кыргызстандын курама командалары үчүн “Мурас Юнайтед” машыгуу базасынын ачылыш аземине катышты.

 

3,5 гектар аянтта жайгашкан жаңы база Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларын даярдоого ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Ал бардык эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүмдү камтыйт.

 

Базанын негизги объектиси – бул жалпы аянты 10 356 чарчы метр болгон мейманкана комплекси менен 6 кабаттуу имарат. Анда командалар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, СПА-зонасы, ашкана, фитнес-залы, офис жайлар, мейманкана, тактикалык класстар, эс алуу зоналары, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү үчүн ресторан каралган.

 

Базанын спорттук комплексинин аймагында жасалма чөп менен капталган эки кичи футбол талаалары жана 420 орундуу трибуналардан турган негизги гибриддик футбол талаасы (68 х 105 м) да бар. Ал эми аба-таяныч курулмасы менен жабык футбол талаасы (75 х 115 м) да комплекстин аймагында орун алган.

 

Конокторго жана кызматкерлерге ыңгайлуу болушу үчүн 120 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу үчүн автономдуу системалар каралган: сугат үчүн резервуар, электр подстанциясы, отказан жана резервдик электр энергиясы үчүн генератор.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” эң биринчи Жарлыгын эске салды, анда жарандардын руханий адеп-ахлагын ата-бабалардан калган нарк-насилдин негизинде өнүктүрүп, алардын ден соолугун чыңдоо, интеллектуалдык дараметин жогорулатуу жана башка милдеттер коюлган.

 

Ал элибиздин руханий жактан да, материалдык жактан да коопсуз, ыңгайлуу сезиши, жаркын келечекке ишеним менен карашы үчүн ар кандай шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Мына ошондо гана ар ким өз ишине берилүү менен мамиле кылып, натыйжа көрсөтө баштаары белгилүү.

 

Президент өлкөнүн экономикасы, жарандардын бакубаттуулугу алдыга жылып жатканын белгиледи. Анын ичинде дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Ал футбол – спорттун эң популярдуу түрү катары Кыргызстанда активдүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

 

Ал футбол боюнча улуттук кураманын ийгиликтерин, буга чейин эки жолу: 2019-жылы жана 2021-жылы Азия континентиндеги эң абройлуу футбол турниринде – Азия кубогу мелдешине катышканын айтып өттү.

 

Мамлекет башчысы сыймыктануу менен футбол жаатындагы аракеттердин негизинде 2027-жылы Сауд Арабияда өтө турган кийинки Азия кубогуна жолдомо утуп алганын белгиледи. Мындан башка улуттук курама команда 2026-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү тандоо раундуна катышып, күчтүү атаандаштар менен беттешип, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп келгенин кошумчалады.

“Бул эки объектиде тең бардык футболчулар үчүн жооптуу мелдештерге жана беттештерге толук жана натыйжалуу даярдана турган бардык шарттар түзүү максаты коюлган. Анын ичинде футбол оюн талаалары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, спорттук комплекс, мейманкана комплекси, кафетерий жана башка шарттар каралган”, – деди Садыр Жапаров.

 

Мамлекет башчысы Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифага Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле объекттерди курууга катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.

 

Өз кезегинде АФК президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа өлкө жетекчилигин жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда Футбол академиясынын жана машыгуу базасынын ачылышына катышуу ал үчүн өзгөчө окуя экендигин баса белгиледи.

 

Шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа эл аралык стандарттарга шайкеш келген жаңы база Кыргызстанды эл аралык аренада даңазалай турган таланттуу футболчулардын жаңы муундарын даярдоо үчүн маанилүү аянтча болоруна ишенимин билдирди. Ал ошондой эле АФК жаш оюнчуларга мүмкүнчүлүк түзүп, алардын кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөтүү менен өлкөдө футболду өнүктүрүүнү уланта берерин белгиледи.

 

Президент Садыр Жапаров кыргыз спортчуларына эң жогорку спорттук натыйжаларга жетишин каалап, өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө жана тынчтыктын бекемделишине үмүт артарын билдирди.

Иш-чаранын аягында чакырылган коноктор спорт комплексин, Кыргызстандын курама командаларын ар тараптуу даярдоо үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты.

 

Президент Садыр Жапаровдун, АФКнын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифанын окуу-машыгуу базасы менен таанышып жаткан учурда 45 миң орундуу заманбап стадиондун курулушунун долбоору сунушталып, көрсөтүлдү.

 

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Ачык жана жабык VIP-ложалар, ошондой эле комментаторлор жана журналисттер үчүн 200 орундуу жерлер каралган.

 

Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил унаа жана 100 автобус үчүн чоң унаа токтотуучу жай каралган. Стадиондо 5 кире бериш жана 3 өткөрүү пункту, эки кабаттуу трибуналар жана бардык трибуналардын үстүндө жылытылган жайлар жана бастырмалар болот.

Связанный пост