Президент XVI БРИКС саммитинин жыйынына катышуу үчүн Казань шаарына барат

 Президент XVI БРИКС саммитинин жыйынына катышуу үчүн Казань шаарына барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстан Республикасына (Казань) БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

“Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Казань шаарында БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Алдыдагы жыйынга көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Связанный пост