Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 13,3 миң учуру катталды

 Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 13,3 миң учуру катталды

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 13 миң 358 учуру катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы эмдөө боюнча техникалык кызматкери Жанара Бекенова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын көпчүлүгү кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөөдөн баш тарткандар болгон. Учурда балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу жана кошумча эмдөөдөн баш тарткандардын олуттуу саны оорунун күч алышынын негизги себеби бойдон калууда.

“Бул оорунун алдын алуу үчүн коопсуз жана натыйжалуу вакцина бар экенин эске алганда, кызамык оорусу алып кеткен ар бир өмүр – алдын алууга мүмкүн болгон трагедия. ДССУ өлкөлөрдү комплекстүү жооп чараларын көрүп жатканы үчүн баалайт, бирок ошол эле маалда ушул этапта өзүн өзү жооткотпой, сак болууга үндөйт. Биз толук эмделбеген жана такыр эмдөө албаган адамдар менен жигердүү иш жүргүзүп, бул коркунучтуу оорунун жайылышын токтотуп калышыбыз керек”, – деди Бекенова.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост