Кыргызстанда юридикалык жактар эмгек акыны накталай эмес төлөөгө милдеттүү

 Кыргызстанда юридикалык жактар эмгек акыны накталай эмес төлөөгө милдеттүү

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тартып иш берүүчүлөр – юридикалык жактар эмгек акыны накталай эмес формада гана төлөөгө милдеттүү экендигин эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул талап КР Эмгек кодексине 2024-жылдын 23-июлундагы Мыйзам менен киргизилген. Ал жеткис күч жагдайлар пайда болгондо, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал жарыяланганда жана КР министрлер кабинети тарабынан каралган учурларда жайылтылбайт.

Ошондой эле КР министрлер кабинети иштин айрым түрлөрүнө же өлкөнүн белгилүү бир аймактарында эмгек акыны накталай формада төлөөгө уруксат берүүгө укуктуу.

Мындан сырткары, иш берүүчүлөр (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардан сырткары) cabinet.salyk.kg сайтындагы “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүүгө жана маалыматтарды жаңыртып турууга милдеттүү.

Эскерте кетсек, салык агенти тарабынан жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жеке жактар үчүн 3000 сом жана юридикалык жактар үчүн 6500 сом айып пул каралган.

Связанный пост