Салык кызматы STI-161 отчетунун формасына өзгөртүүлөрдү киргизди

Мамлекеттик салык кызматы салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча STI-161 отчетунун формасына өзгөртүүлөрдү киргизди.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, эми жаңы формада камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин жана керектүү отчеттук мезгилди көрсөтүү менен алгачкы жана такталган отчетту берүүгө болот.

 

Отчетту туура толтуруу үчүн төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү керек:

 

– отчеттун формасынын отчеттук мезгилге ылайык келген версиясы;

 

– отчеттун түрү (алгачкы же такталган);

 

– каттоо номери;

 

– салык органынын коду;

 

– отчет берип жаткан учурдагы колдонуудагы тарифке ылайык тарифтин түрү (№119 уяча);

 

– отчеттун мезгили (форманын версиясына жана тарифине ылайык келүүгө тийиш).

 

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү отчетторду тапшырууда ката кетирбөө үчүн киргизилген маалыматтын толуктугун жана тууралыгын кылдат текшерүүгө чакырат.

 

Отчетту тапшырууда суроолор же кыйынчылыктар пайда болгон учурда 116 номери боюнча консультация алууга болот.

Связанный пост