Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болду

 Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болду

Президенттик Администрацияда МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

 

Жыйындын жүрүшүндө адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери, анын ичинде 2022-жылдын ноябрында кабыл алынган 2022-2024-жылдарга карата адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын узартуу талкууланды.

 

Отурумдун жыйынтыгында Эдил Байсалов мамлекеттик органдарга адам укуктарын коргоо жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча иштерди улантууну тапшырды.

Связанный пост