Садыр Жапаров Ашхабадда Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумда сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) улуу түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракесине арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумда сөз сүйлөдү.

 

Мамлекет башчысынын сөзү:

 

“Урматтуу Сердар Гурбангулыевич,

 

Ардактуу өлкө башчылары,

 

Бүгүнкү иш-чаранын кымбаттуу катышуучулары,

 

Алгач, Түркмөнстан Президенти, урматтуу Сердар Гурбангулыевич Бердымухамедовго улуу түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтык жана өнүгүүнүн негизи” эл аралык форумуна катышуу үчүн чакыруусуна терең ыраазычылыгымды билдирем.

 

Мен бүгүн сүйлөй турган сөзүмдү кыргыз элинин улуу жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгы жөнүндө айткан төмөнкү сөзү менен баштагым келип турат: “…Акын Махтумкулинин сөздөрүнүн биздин күнгө жеткени – бул түркмөн элинин эрдиги. Махтумкули түркмөндөрдүн жүрөгүндө сакталып келген. Дүйнө кезген бакшы-дервиштердин оозунда, чоң-кичине жолдордо, базарлар менен кербен сарайларда, боз үйлөр менен чабандардын очогунда айтылып келген. Акындын саптары менен жоого аттанып, өлүмгө да тике карашкан. Махтумкулинин ырлары жарык дүйнөгө келген ымыркайды тосуп алып, ал дүйнөдөн кайтканда да боздоп узаткан…”.

 

Учурдан пайдаланып, боордош түркмөн элине дүйнөлүк деңгээлдеги акын, жазуучулардын катарында кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузгандыгына терең ыраазычылыгымды билдирем.

 

Биздин түркмөн боордошторубуз Махтумкули Фраги – бул карт тарыхтагы жөн гана ысым эмес, ал – эркиндиктин, адамгерчиликтин жана жогорку адеп-ахлактын символу болгондугу менен, ошондой эле улуу акындын орошон ойлору жана чыгармачылыгы мезгилдердин, элдердин жана цивилизациялардын ортосунда көпүрө катары кызмат кылгандыгы менен сыймыктана алышат.

 

Махтумкули Фраги өзүнүн поэтикалык дүйнөсүндө элдик чыгармачылыктын бардык түстөрүн, байлыгын чогулта алган.

 

Анын чыгармалары биримдикке чакырган күч да боло алат, анткени поэзия – баарлашуунун универсалдуу жолу болуп саналат.

 

Махтумкули Фраги өз ырлары аркылуу адамдарды ыймандуу, мекенчил, айкөл, эр жүрөк жана ар-намыстуу болууга үндөгөн. Акындын осуяттары бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келет. Анын чыгармалары коомдун өнүгүшүнө зарыл болгон насаат кептерге жана бардык муунду бириктире турган акылмандыкка бай.

 

Бүгүнкү күндө акындын 300 жылдык мааракесин белгилеп жатып, эки элдин каада-салты бири-бирине тыгыз байланышта экендигине күбө болуп турабыз.

 

Махтумкули Фраги биздин эки элдин бүгүнкүсү менен келечегин түзгөн цивилизациялар менен мезгилдердин өз ара байланышын билдирет.

 

Анын чыгармаларынан тынчтыкты, элдер ортосундагы өз ара ынтымакты сактоо жана тарыхтан алынган сабактарга таянуу менен өнүгүп-өскөн туруктуу келечекке кантип умтулуу керектиги боюнча соболдорго жооп табууга болот.

 

Кыргызстан да боордош элдердей эле тарыхый мурасты урматтоого негизделген руханий маданиятты жогору баалайт.

 

2023-жылы Кыргыз Республикасында Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын сахнасында улуу түркмөн акынынын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган “Махтумкули” спектакли коюлган.

 

Аталган спектакль ошол эле жылдын ноябрь айында Түркмөнстанда өткөн 4-Эл аралык театр фестивалында да ийгиликтүү көрсөтүлдү.

 

Өткөн аптада Бишкек шаарында илимий-чыгармачыл интеллигенциянын катышуусунда “Чыгыш поэзиясынын классиги – Махтумкули Фрагиге 300 жыл” аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулуп, анда кыргыз тилинде тандалган чыгармалардын «Тандалмалар» китебинин бет ачары өткөрүлгөндүгүн белгилей кетким келет.

 

Урматтуу делегация башчылары,

 

Бүгүнкү форум эзелтен эле тарыхый терең тамырларыбыз бириктирип келген биздин өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо үчүн бекем негиз катары кызмат кыларына ишенем.

 

Бүгүнкү күндөгүдөй форумдар – биздин эки элдин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө уникалдуу аянтчаны түзөт десем жаңылышпаймын. Алар диалогду бекемдөөгө, келечекте тыгыз кызматташууга өбөлгө болот. Анткени маданият менен руханий дүйнө ынтымактын, тынчтыктын жана эл аралык кызматташуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

 

Азыр биз дүйнө жаңы кыйынчылыктарга туш болгон доордо жашап жатабыз. Климаттын өзгөрүшү болобу, ааламдашуу же технологиялык революция болобу, биз баарына туруштук берүүгө даяр турушубуз керек.

 

Дал ушундай учурда биз өткөндүн сабактарына, өнүгүү жолун көрсөткөн улуу ойчулдарга кайрылууга тийишпиз.

 

Орток бабабыз Махтумкули Фрагинин калтырган мурасы сабырдуулукту, өз ара урматтоону жана жалпы ынтымак үчүн кызматташууну ар дайым эскертип турат.

 

Урматтуу кесиптештер,

 

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгы жөн гана маараке эмес, бул биздин келечек муундарыбыздын алдындагы жалпы жоопкерчилигибизди эскерте турган иш-чара экенин баса белгилейм.

 

Бул тынчтыкты сактоо, ар бир элдин каада-салтын урматтоо, өз ара түшүнүшүү сапаттарына негизделген коом түзүүдө башкы жоопкерчилик болуп саналат.

 

Маданият элдин башын бириктирип гана тим болбостон, жаңы жетишкендиктерге шыктандырары да белгилүү.

 

Ал бири-бирибизге урмат-сый жана ишеним көрсөтүүнүн негизинде түшүнүшүүгө, кыйынчылыктарды жоюуга жана бекем байланыштарды түзүүгө жардам берет.

 

Учурунда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгы тууралуу: “Маданий мурастын маани-маңызы тигил же бул элдин улуттук байлыгын башкаларга марттык менен жайылтуу, башка элдердин маданий баалуулуктарын камтуу менен руханий жактан өз ара жакындоо процессине салым кошуу болуп саналат. Мында маданий мурасты таратуучу жардыланбайт, тескерисинче, алганы көп болуп, руханий жактан байыйт…”, – деген экен.

 

Форумдун бардык катышуучуларына өлкөлөр ортосундагы тынчтыкты жана кызматташтыкты бекемдөөгө кызмат кыла турган ийгиликтерди, жаңы идеялар менен жаңы ачылыштарды каалайм.

 

Махтумкули Фраги сыяктуу улуу ойчулдардын мурасы бизге, биздин мындан аркы ишмердигибизге жана ынтымакта жанаша жашообузга дем берсин!

 

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ырахмат”.

Связанный пост