Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 952 млрд сомду түздү

 Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 952 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча, дээрлик 952 млрд сомду түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

 

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,4%га өскөн.

“2024-жылдын январь-сентябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 394 млрд сомдун тегерегин түздү жана 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларынын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (32,5 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарынын (22,6 пайызга), текстиль өндүрүшүндө жана кийим-кече өндүрүшүндө (13,2 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын (8,8 пайызга), ошондой эле фармацевтикалык продукциянын (5,9 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 4,2 пайызга көбөйдү”, деди ал.

Ошондой эле Керималиев белгилегендей, оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 36,9 пайызды, дүң жана чекене соода – 16,6 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 6,7 пайызды түздү.

Связанный пост