Садыр Жапаров Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына барды

Президент Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумга катышуу үчүн Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына келди

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтык жана өнүгүүнүн негизи” эл аралык форумуна катышуу үчүн келди.

 

Мамлекет башчысын Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов тосуп алды.

 

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.

Связанный пост