Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

 Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

 

Расмий делегациянын курамындагылар:

 

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

 

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

 

– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

 

– Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров.

Связанный пост