Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери боюнча кеңеш өткөрдү

 Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери боюнча кеңеш өткөрдү

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине арналган кереге кеңеш өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Иш-чарага президенттин администрациянын өкүлдөрү, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчилиги, ЖОЖдордун ректорлору, профессорлор, окутуучулар, коомдук ишмерлер, жаштар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Кереге кеңештин негизги максаты – мамлекеттик тилдин позициясын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо, ошондой эле аны коомдук турмуштун ар кыл тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн чечимдерди издөө.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандан бери кыргыз тилин мыйзамдык жактан колдоо үчүн бекем негиздер түптөлүп, аны өнүктүрүү үчүн маанилүү кадамдар жасалды. Бирок, жетишилген ийгиликтерге карабастан, коомдук турмуштун бир катар маанилүү чөйрөлөрүндө мамлекеттик тил дагы эле кеңири колдонулбай келет.

Мамлекеттик катчы кыргыз терминологиясын бир түргө келтирүү жана башка тилден кирген сөздөрдү жана түшүнүктөрдү кыргыз тилине которуу боюнча ишти активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Кереге кеңештин катышуучулары, кыргыз таануу жаатындагы адистер мамлекеттик тилди мындан ары да өнүктүрүү боюнча демилгелер менен бөлүшүп, окуу жайларда окутуунун сапатын жогорулатуунун жана тил даярдоону күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле жаштар арасында тилди жайылтуу жана медиа чөйрөсүндө анын ээлеген ордун бекемдөө маселелери көтөрүлдү.

Связанный пост