Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

 Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 7-8-октябрда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады. Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

 

Ага Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле Аткаруу комитетинин төрагасы – КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышты.

 

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамдарда өттү, анын жыйынтыгы боюнча Шериктештикке катышуучу-мамлекеттердин башчылары тарабынан КМШ алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

 

Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкөлөрдүн лидерлеринин көңүлүн Кыргызстан эл аралык логистиканы кайра форматтоо жана жакынкы жана салттуу өнөктөштөр менен экономикалык өз ара аракеттенүүнүн альтернативдүү моделдерин түзүү процесси менен жаңы реалдуулуктарга жигердүү ыңгайлашып жаткандыгына бурду. Мамлекет башчысы Кыргызстан мындан ары да КМШ алкагында кызматташтыкты жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнү колдой турганын белгиледи.

 

Президент Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарын аяктап, 8-октябрь күнү кечинде Бишкекке кайтып келди.

Связанный пост