Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешине катышуу үчүн Кремлге келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди.

 

Иш-чарага келген КМШ мамлекет башчыларын Кремль сарайында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

 

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөлөрдүн лидерлери тар форматтагы жыйын залына өтүштү.

Связанный пост