Кыргызстанда өндүрүлгөн жүндүн 80% экспортко чыгаруу пландалууда

Кыргызстанда өндүрүлгөн жүндүн 80 пайызын экспортко чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Шопоков шаарындагы жүндү кайра иштетүүчү “Тумар Арт Групп” ишканасы имаратын кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда анын аянты 1147,8 чарчы метр аянтты ээлейт. Жаңы имараттын расмий ачылышы жакын арада болоору күтүлүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев аталган ишкананын ишмердүүлүгү жана айрым көйгөйлүү маселелери менен көчмө жыйын учурунда таанышты.

“Тумар Арт Групп” жүн иштетүү, кийизден буюмдарды жана курулушта колдонулуучу изоляциялык материалдарды чыгаруу менен алектенет. Компания күнүнө 1000 килограмм жүндү иштетип, 800 килограмм кийиз чыгарат. Анда 70 адам эмгектенет. Өндүрүштө жүндү уйгактан арылтуу, жүндү тытуу, кийиз өндүрүү жана техникалык кийиз тытуу линиялары колдонулат.

Жүндү алгачкы иштетүү (жууп, тазалоо) Токмоктогу жүндү алгачкы иштетүү цехине тапшырылат. Чүй облусундагы жүндө уйгак көп болгондуктан, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан ичке, калың, меринос түрүндөгү жүн кабыл алынат. Боектор Кореядан импорттолот. Өндүрүлгөн кийиздин 40%ын Кыргызстандагы улуттук буюмдарды тиккен жеке ишкерлер сатып алышат.

“Тумар Арт Групп” өндүргөн кийиз Эл аралык ЕСП сертификатына ээ.

Иш-чаранын жыйынтыгында компаниянын өндүргөн продукциянын 80%ын экспортко чыгарууга көмөктөшүү жана “Жашыл экономика” программасына кошулуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Связанный пост